www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Мамлекеттик департаменти өкмөттүн ишинин 1-октябрдан тарта токтоп калуу (шатдаун) ыктымалдыгына даярданып жатат. Бул туурасында аталган ведомствонун өкүлү Мэттью Миллер брифингде билдиргенин РИА Новости жазды.

"Кокус шатдаун болуп кетсе, анда жаралган кырдаалга даяр турган план иштелип жатат", — деген ал.

Миллердин айтымында, иштелип, даярдалып жаткан алгоритмде өкмөттүн ишинин токтоп калышы эске алынган.

Ал Мамлекеттик департамент жакынкы күндөрү улуттук коопсуздукту камсыздаган кайсы түзүмдөр ишин улантып, кайсылары токтой турганын аныктай турганын билдирди.

Бейшемби күнү Washington Post гезити Америка бийлиги иш токтоп, мындан улам айлык да төлөнбөй калчу маал жакындап келе жаткандыгы боюнча мамлекеттик кызматкерлерге билдирүү жибере баштаганын кабарлаган.

Кечээ Байден шатдаундун кесепети өлкөнүн кийинкиси үчүн кырсыктуу болорун айтып, аны кантип токтотууну билбей жатканын мойнуна алган. 

Кезектеги шатдаунга жол бербөө үчүн Конгресс 1-октябрда аяктай турган учурдагы каржы жылынын толук же кыска мөөнөттүү бюджетин кабыл алышы керек. Бюджеттин кабыл алынышына администрация менен Конгресске анын көлөмү, финансылоо беренелери боюнча пикир келишпестиктер тоскоол болууда. Ак үй кызматташууга барбай жатат деп республикачыларды күнөөлөсө, сенаттагы азчылык менен палатадагы көпчүлүк (республикачылар) администрациянын иштерине, анын ичинде чек ара кризиси боюнча чечимдерине макул эмес.

Бул жерде тамакка тыгылып калган сөөктөй болгон дагы бир көйгөй турат. Ал — бюджетке Украинага берилчү жардамды киргизүү. Бир нече конгрессчи эгер Киев режимине ассигнациялар каралса, анын кабыл алышына каршы добуш берерин билдиришти.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости