www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экс-депутат Мирлан Жээнчороев NazarNews маалымат агенттигине мамлекеттин символдорун бат-бат алмаштыруу - мамлекеттин туруктуулугуна жана дүйнө коомчулугунун алдындагы чечимдерине шек жаратышы мүмкүн экендигин билдирди.
-Мамлекеттин туусу жана герби бул мамлекеттүүлүктүн символдору. Тагыраагы, атайын макамы бар өзгөчө белгилери. Бул маселени атайын түзүлгөн мамлекеттик комиссия карашы керек. Тагыраагы, комиссиянын курамына илимий даражасы бар тарыхчылар, анын ичинде геральдиканы билгендер, филология менен философияны изилдеген окумуштуулар, акыл кошо алган маданият өкүлдөрү, белгилүү сүрөтчүлөр кириши зарыл. Башкача айтканда, желекти алмаштыруу маселени илимий жана маданий интеллигенциядан түзүлгөн комиссия карашы керек. Ошондой эле эскизде кандайдыр бир чийме же бир точка менен өзгөртүүнү каалашса да, ал нерсе илим менен негизделиши шарт. Негизи мамлекеттин символдорун бат-бат алмаштыруу - мамлекеттин туруктуулугуна жана дүйнө коомчулугунун алдындагы чечимдерине шек жаратышы мүмкүн,-деди Мирлан Жээнчороев.
Булак: NazarNews.kg