www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунун Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунда жүк ташуучу унаа жардан кулап, айдоочусу каза тапты. Бул тууралуу NazarNews маалыматтык агенттигине Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. 

Маалыматка ылайык, кырсык 28-сентябрда саат 02:00 чамасында Ош-Сары-Таш-Эркештам эл аралык маанидеги автоунаа жолунун 170-чакырымында болгон. Чоң-Алай районунан Ош шаарына картошка жүктөп бараткан "Мерседес-Бенц" үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын айдоочусу башкарууну жоготуп жардан кулаган.

Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу 1974-жылы туулган М.И. каза болуп, 1994-жылы туулган жүргүнчү Б.Н. жаракат алып, ооруканага жаткырылган.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости