www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Опузалап акча талап кылган милициянын ыкчам кызматкерлеринин тобу аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. 

УКМК ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкери, башка кызматкерлердин тобунун курамында Ош шаарынын тургунунан 400 миц сом акча каражатын опузалап талап кылып жаткан жеринен кармалды. 

Ош шаардык ИИБнин төрт ыкчам кызматкери милициянын капитаны Т.Б.Н., милициянын майору И.И.И., капитан Э.С.Э. жана майор Ж.у.Н. зордуктоо фактысы боюнча кылмыш ишин козгойбуз деп коркутуп, Ош облусунун тургунунан 400 миң сом өлчөмүндө акча талап кылышкан.

Үстүбүздөгү жылдын 25-сентябрында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында, 100 миң сом алып жаткан жеринен ортомчу кармалып, андан соң Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын опер кызматкери, милициянын майору Ж.у.Н. кармалды. Көрүлгөн чаралардын жүрүшундө жогоруда аталган милиция кызматкерлеринин ар биринин бул кылмышка катышуусунун ролу жана даражасы аныкталды.

Учурда кармалган Ж.у.Н. карата эки айлык мөөнөткө УКМКнын тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.

Ошол эле учурда, бул кылмышка тиешеси бар жогоруда аталган дагы үч кызматкер учурда тергөөдөн жашырынып жүргөндүктөн, 28-сентябрда соттун чечими менен аларга карата сыртынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып, алар издөөгө алынды.

Издөөдө жүргөн кызматкерлердин кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен жана алардын жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча нөөмөт бөлүмүнө телефон: 0(3222) 7-32- 32; 4-86-14 аркылуу кайрылууну суранабыз.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости