www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын президенти Владимир Путиндин Кытайга иш сапарынын жүрүшүндө маанилүү стратегиялык маселелер талкууланат. Бул тууралуу Кытайдын Россия Федерациясындагы элчиси Чжан Ханьхуэй билдиргенин ТАСС агенттиги жазып чыкты.

“Саммиттин жолугушуусунда биздин лидерлер эки тараптуу кызматташтыктын да, эл аралык аренадагы стратегиялык өз ара аракеттешүүсүнүн да бардык актуалдуу жана эң маанилүү маселелерин талкуулашат. Бул абдан маанилүү ”, - деди Ханьхуэй.

Буга чейин Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Владимир Путиндин Кытайга сапарынын даталары макулдашылганын билдирген.

Сентябрда орус лидери Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин өлкөгө келүү чакырыгын кабыл алган. Орус лидеринин сапары октябрь айында болот. Ал “Бир алкак, бир жол” форумуна катышат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости