www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын Огайо штатында кооптуу заттарды ташыган жүк ташуучу поезддин 50гө жакын вагону рельстен чыгып кетип, өрт чыкты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Окуя жума күнү кечинде болгон, бирок кырсыктын себеби азырынча тактала элек. Транспорт коопсуздугу боюнча улуттук кеңештин өкүлү Майкл Грэмдин билдирүүсүнө караганда, өрт дагы деле өчө элек.
Жалпысынан 100дөн ашык вагондун 20сында тез күйүүчү жана айлана-чөйрөгө коркунуч туудурган уулуу винилхлорид заты жүктөлгөн. Учурда адистер кооптуу заттар салынган вагондордун кайсынысы бузулганын тактап жатышат.
Жергиликтүү өрт өчүрүү кызматынын башчысы Кит Драбик винилхлорид эң чоң тынчсызданууну жаратып жатканын айтты. Андыктан өрт өчүрүүчүлөр атайын уруксат алмайынча вагондордун жанына бара албайт.
Учурда жабыркагандар тууралуу маалымат жок.
Булак: NazarNews.kg