www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын Мэриленд штатындагы Балтимор шаарында бул шаарга боло турчу президент Дональд Трамптын сапары алдында анын келемиштин образындагы чоң шарын учурушту. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Буга АКШ президентинин Балтимор тууралуу “кылмыштуулук менен келемиштер жуккан шаар” деп айтканы себеп болгон. Ал бул сөздү Мэрилендден конкресмен болгон Элайжа Каммингсти сындап жатып айткан эле. Каммингс президент менен анын үй-бүлөөсүнө каршы иликтөөлөрдү жүргүзүп келет.
АКШ президенти Каммингс тууралуу айтып жатып, аны өзүнүн округундагы “кылмыштуулук менен келемиштер жуккан Балтиморго” көңүл бурбайт деп айткан.
“Фашизм менен күрөш, Трампты токтот” деген жазуусу бар шарды шаардын Президент-стрит көчөсүндө учурушту. Келемишке костюм кийгизилип, кызыл галстук тагылган.
Булак: "NazarNews.kg"