www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Америка Кошмо Штаттарынын жакынкы айларда Украинаны аскерий жактан каржылоого акчасы түгөнүп калышы мүмкүн, деп жазат Politico.
"АКШнын Украинаны курал-жарак менен камсыздоо үчүн каржылоосу жайдын ортосуна чейин түгөнүшү калышы мүмкүн", - дешет материалдын авторлору.
Макалада декабрда Конгресс Украинага 48 миллиард долларлык жардам пакетин жактырганы, бирок азыр ал суммадан 6 миллиард доллар гана калганы белгиленген.
Журналисттер түгөнүп бара жаткан бюджет «мыйзам чыгаруучулардын тынчсыздануусун жаратып жатканын» баса белгилешти. Конгрессте көпчүлүк Киев режимин колдоо үзгүлтүксүз болушу керек деп эсептешет. Кошумчалай кетсек, атын атагысы келбеген жогорку даражалуу чиновниктердин бири басылмага билдиргендей, Ак үйдө Украинага жаңы жардам көрсөтүү программасы азыртадан эле талкууланып жатат.
Орусия Украинага аскердик колдоо көрсөткөнү үчүн НАТО өлкөлөрүнө мурда нота жөнөткөн. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Украинанын Куралдуу күчтөрү үчүн курал-жарак камтыган ар кандай жүк Орусия үчүн мыйзамдуу бутага айланарын белгилеген. Министрлик НАТО өлкөлөрү Украинага курал жеткирүү менен «от менен ойноп жатканын» билдирген.
Булак: NazarNews.kg