www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«ЖМК жөнүндөгү» мыйзам коомдук талкууга коюлду

Президенттин администрациясы сунуштаган жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) тууралуу жаңы мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Маалым болгондой аталган мыйзам долбоору коомдук талкууга 15-майда коюлган.

Президенттин администрациясы 2022-жылы сентябрда “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” долбоорду коомдук талкууга чыгарган. Документ сөз эркиндигин чектейт деген сын -дооматтан кийин 5-декабрда жумушчу топ түзүлүп, ага президенттик администрациянын өкүлү Мурат Укушов баш болгон беш киши, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен жана медиа коомчулуктан 15 киши кирген.

Андан бери мыйзам долбоорунун бир нече варианты иштелип чыгып администрация менен медиа коомчулук орток пикирге келе элек.

Документте веб-сайттар Юстиция министрлигинен милдеттүү түрдө жалпыга маалымдоо каражаты болуп катталууга тийиш деген талап коюлган. Бул сунуш ача-пикир жаратууда. Андан тышкары 18ге чыга элек жаран, өлкөдө ишмердүүлүгүнө тыюу салынган адамдар жана юридикалык мекемелер, ошондой эле чет өлкөнүн жараны же жарандыгы жок адамдар Кыргызстанда ЖМК ачып иштете албай турганы жазылган.

Бийлик 1992-жылкы мыйзам эскирди деп эсептейт. Жумушчу топ 2023-жылдын 1-мартына чейин аталаган мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыгып, коомдук талкууга чыгарышы керек болчу. Бирок мыйзам долбоорун толуктап, иштеп чыгуунун мөөнөтү 15-майга чейин узартылган. “Адилет” укуктук клиникасынын юристтери аталган мыйзам долбоорунда адам укугун жана эркиндигин чектеген олуттуу алешемдиктер, тобокелдиктер бар экенин белгилеп келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости