www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкалык Эндрю Корибко Тынчтык жана гүлдөп өнүгүү институтунун веб-сайтына жазган макаласында Украина Польшага кокусунан сокку ургандан кийин НАТОну 3-дүйнөлүк согушту башташ үчүн алдоо аракетин көргөн.

«Орусиялык ракетаны атып түшүрүүнүн ордуна Киевдин С-300 учагы бузулуп, Польшада кыйрап, эки адам каза болду. Украин жетекчилиги эмне болгонун жакшы билген, бирок үчүнчү дүйнөлүк согушту тутантуу үчүн тарыхтагы эң коркунучтуу жашыруун макулдашуу теориясын жайылтууну чечти. Зеленский өз аскерлеринин Польшага туш келди сокку уруусун “жамааттык коопсуздукка Орусиянын ракеталык чабуулу” деп атап, бүткүл дүйнөгө калп айтты жана НАТОну “аракет кылууга” чакырды, деп жазат автор 16-ноябрда жазган макаласында.

Ал ошондой эле Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба окуя үчүн Киевдин жоопкерчилиги тууралуу бардык айыптоолор "орусиялык пропагандадан" башка эч нерсе эмес деп айтканын эскерди.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости