www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Минген аргымагы арыктап, «Ак шумкары» тарп аңдыган жоруга айланган Темир Сариевдин айынан Балыкчы-Корумду жолу эмгиче чаңдап бүтпөй жатат. Жайында биздин жамаат Чолпон-Атадагы «Барс» эс алуу комплексинде эс алып келгенбиз. Бардыгы комфорт, ажайып болгон, бир гана Балыкчы-Корумду жолу ушул кезге чейин ремонттолуп жатканы кабатыр кылып койду.2016-жылы премьер-министр болуп турган учурунда Темир Сариевдин колу менен бир канча одоно иштер жасалганы эсибизде. Ошонун кесепетинен Балыкчы-Корумду жолу ушул кезге чейин ремонттолуп жатканы чын.
Ал «Кумтөр» боюнча камалып, кусуп чыкты, ал эми Балыкчы-Корумду жолу боюнча ханга салам бербей кутуруп жүрөт. Темир Сариев жол министри Малабаев менен Кытайга иш сапары менен барып кыргыздын ишканасына бут тосуп, Балыкчы-Корумду жолун эч нерсеси жок Кытай фирмасынан жардамчысы 6 миллион доллар алып тендерден өткөзүп, берип койгон. Ушул иштер анын өкмөт башчысы катары карьерасынын аякташына алып келген.
Ал өкмөт башчысы кезинде Кумтөрдөн тышкары «Русгидро» менен түзүлгөн келишим бир заматта жокко чыгарылып, ара жолдо Нарында мини ГЭСтер да курулбай, элибиз 38 миллион долларды Орусияга кайтарып берген, ортодо бир топ сумма акча жок кылынып кеткен. Ошондой эле ойлонулбаган иш АКШ менен дагы кайталанып, жыйырма беш жылдан бери ийгиликтүү ишке ашырылып келе жаткан, өтө маанилүү эки тараптуу ЮСАИД боюнча келишим бир заматта чийилип, АКШ менен мамиле толугу менен токтоп, кол үзүлгөн. Жылына жүз миллиондогон доллар гранттар келбей калып, бир канча оорукана жана мектептер, ири долбоорлор токтоп калганы эсибизде. Темир Аргембаевич көнгөн адатындай, «Америкага сейилдеп барып келейин» деген ой менен визага тапшырса, ага АКШ элчиси жеке өзү мурун достукка балта чапканын эскертип, кол жайып, виза берилбешин жарыялаганын угуп жүрөбүз. Эмне дейбиз? Сариев, албетте, АКШга барбай койсо деле иши жыла берет. Бирок мамлекетибиздин ири державалар менен жакшы мамилебиздин үзүлгөнү жаныбызды кейиткени чын.
Убактылуу Өкмөттүн финансы министри, Атамбаевдин өкмөт башчысы Темир Сариев бир топко камалып, бошотулган. Убактылуу Өкмөттүн бекер акчасына «Ак Шумкарды» шуулдатып, Кыргыз мамлекетинин жана кээ бир банктын ячейкасындагы акчаларды Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн капчыгына салып берген. Банк ячейкасында жоголгон акчалардын дайыны ушул кезге чейин айкындала элек. Темир Сариев Кыргызстандын экологиясын бузуп, канадалык «Центерра» ишканасына официалдуу уруксат бергенге негиз түзүп бергени үчүн отуруп чыккан. Ичип жеген, соргок саясатчы Темир Сариев актанбаганда ким актанат эле? Сариев инсан катары да, жетекчи катары да өзүн жеп-жутар деңгээлде көрсөтө алган. Парламенттик шайлоого 2021-жылы “Ак Шумкар” партиясы катышуу ниетин билдирип, БШКга арыз берген. Туруктуу электораты жок Темир Сариевге учурда биригүүнү сунуш кылгандар арбын эле. Бирок, куйту саясатчы акыл калчап, акыркы чечимин аз күндө жарыяламак. Мамлекеттин тагдыры чечилип атканда, Темике тайгак жолду тандай турганын мурунку 2020-жылкы шайлоодо, бир «Ата-Мекенге», бир «Бүтүн Кыргызстанга» буйтап жүрүп көрсөткөн. Мындай алдамчы саясатчынын, «Күн тийген жердин күкүгүнүн» камап жатышып, шайлоо алдында бошотулган. Эми бул кайрадан кутура баштады...
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg