www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын башкы маалымат каражаттары президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктарын жарыялап жатышат. Ага ылайык, республикачылардын талапкери, президент Дональд Трамп менен демократтардын талапкери, мурдагы вице-президент Жо Байден эриш-аркак келатышат.
Акыркы сааттарга карата алынган маалыматтарга ылайык, Трамп Кентикку, Оклахома, Теннеси, Алабама, Миссисипи, Батыш Виргиния штаттарында алдыга чыгууда. Эгер божомол туура чыкса, бул штаттардан Трамп шайлоочулар коллегиясынын 46 мүчөсүнүн добушуна ээ болот.
Демократтардын талапкери Жо Байден Вермонт, Массачусетс, Коннектикут, Нью-Жерси, Делавэрде алдыга суурулуп чыгууда. Алдын ала боможолдор ырасталса, Байден бул штаттардан 42 шайлоочулар коллегиясынын добуштарына ээ болот.
Белгилей кетсек, өлкө боюнча шайлоочулар коллегиясындагы 538 добуштун кеминде 270ине ээ болгон талапкер жеңүүчү болуп табылат.
Булак: NazarNews.kg