www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров 3-ноябрда Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барып, эл менен жолукту. Социалдык тармактарга жолугушуу учурундагы окуяны чагылдырган кызыктуу видео тарады.

Эл чогулган жыйында Гүлнара Назакулова аттуу аял Садыр Жапаровду жана калың элди күлдүрө сүйлөп, алардын сүймөнчүгүнө татыганы видеодо көрүнөт. Ал сүйлөгөндө элдин баары кыраан каткырып, аны сүрөп, кол чаап турушкан жана бул учурга Жапаровдун да кайдыгер карабаганы байкалат. 

"Садага болоюн, Садыр, мени карап кой, онанайын чырагым, лампочкам. Мен эч жерде иштебейм, эки уул, бир кыз төрөп, чоңойттум. Бизде президент келгенде жакшы келип, кийин эле айнып кетишет, ушу сен айныбачы, чырагым, лампочкам! Мен сенин тарыхыңды окуп жаман ыйладым. Атаң ыйлап, аябай нааразы болгон экен, Алла бар, Алла өзү иликтеп алат, жегендин баары кийин кабырда жооп берет. Балам, сен таш ыргытканга аш ыргыт, белиңди бекем буу. Мына ушул турган элдин баары сенин тууганың, мейли менин сегизинчи балам болуп ал. Жаман-жакшы сөз уксам даттанат элем өзүңө дегендей, мына даттана турган адам келди.

Эми белиңди бекем бууп, иштеп бер! Анан мына депутаттарыңды азайтсаң, 75 эмес, 50 депутат болсо болот, садага болоюн. Билбейм сен шайлангандан бери ырдагым эле келет, ырдагым эле келет. Садага болоюн, сен бизге түбөлүк президент бол, түшпөй кой тактыдан", - деген жаран.

Бул видео азыркы тапта колдонуучулар тарабынан популярдуу болуп, аны бөлүшкөндөр көп болуп жатат. 

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости