www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Австриянын өкмөтү 3-ноябрдан 5-ноябрга чейин мамлекеттик аза күтүү күнү деп жарыялады. 3-ноябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:00дө улуттук эскерүү мүнөтү болду.
Эске салсак, 2-ноябрь күнү кечинде Австриянын борбору Вена шаарында белгисиз адамдар ок атуучу куралдар менен бир нече жерге кол салышкан. Австриянын канцлери Себастьян Курц бул окуяларды теракт деп атады.
ББС билдиргендей, теракттын кесепетинен 2 адам каза болуп, 15тен кем эмес адам жаракат алды. Полиция тургундарды коомдук жайларга барбай турууга чакырууда.
Белгилей кетсек, кол салгандардын бири полиция кызматкерлеринин огунан көз жумган. Дагы бири кармалып, үчүнчүсү изделүүдө. Ички иштер министри Карл Нехаммер кечээ, 3-ноябрда ата-энелерди балдарды мектепке алып барбоого чакырды.
Ошондой эле учурда Венанын борборунда блокпосттор коюлуп, полиция кызматкерлери жашоочулардан коомдук унааларга отурбай турууну суранып жатышат.
Теракттан каза болгон адамдардын бири эркек киши болчу. Экинчиси – аял киши, ал ооруканага жеткирилип, ошол жерден көз жумган.
Булак: NazarNews.kg