www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бул президенттик шайлоо кызык өтмөй болду. Президентке талапкер Арстан Алай өзүн кудаймын деп жарыяласа, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров өзүн Раззаковмун деп, ошол кишидей гана иштейм деп жарыя кылды. Башкы фигуралар бүгүнкү күндүн «Раззакову» -Садыр Жапаров. Анын колунда бийлик турат, бийлик каякта болсо административдик ресурстар менен байлык ошол жакка оойт. Туура эмес жагы кошуна-колоңдор менен дипломатиялык байланыш түзө албай жатат. Руслан Казакбаев Москвага иш сапары менен барганда, ансыз деле Жириновскийге окшогондор жинденип улутчул деп жатканда Садыр Жапаровду Путинге жаман көрсөтпөй орусча эле сүйлөп койсо болмок. Бирок Путин деле эртен шайлоодон ким өтсө ошону колдойт. Бирок, шайлоодо андан Кыргызстан гана эмес АКШ да чоочуп турат.
Андан кийинки бүгүнкү күндүн «Усубалиеви» -Бабанов. Бабанов 9-октябрда магнит бороону уруп же болбосо жин тийип кетип, үчүнчү күчтөрдүн чагымы менен Атамабаевдерге кошулуп, башаламандык уюштуруп жибергенин мойнуна алып жатат.
Бүгүнкү күндүн «Апсамат Масалиеви» - Адахам Мадумаров болсо , «Аскар Акаеви» -Канат Исаев болуп калчудай. Учурда барына тоскоолдук кылып бут тосуп, өз кишисин өткөзө турган президент жок. Ошондуктан 2011-жылдагыдай талапкердин саны жүзгө жетсе таң калууну кереги жок, бардыгы соодалашып жатышат. Болбосо, ит жыгылыш болуп калышы күтүлөт.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg