www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан боюнча чек ара маселесине УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жоопкерчиликтүү болот. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу жана өкмөт башчы Садыр Жапаров Ош облусунун жашоочулары менен жолугушуу учурунда билдирген.

"Мындан ары чек ара маселесин УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев баштаган комиссия мүчөлөрү чечет. Муну кандай кабыл аласыздар билбейм, бирок биз ушундай пикирге келдик. Чек ара маселесин тез арада чечүү керек, антпесе өлкөдө тынчтык болбойт. Кудай буюрса, жакында Өзбекстан менен бул көйгөй чечилет (такталбаган аймактар — ред.)", — деди Жапаров.

Эске салсак, август айында Кубатбек Бороновдун өкмөтүнүн маалымат кызматы Кыргызстан менен Өзбекстан чек арадагы макулдашылбаган 10 аймактын бирин макулдашып, бекиткенин билдирген болчу.

Белгилей кетсек, Жапаров Баткен облусунун эли менен болгон жолугушууда бийлик Мамлекеттик чек ара кызматын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин карамагына өткөрүүгө белсенип жатканын айткан.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости