www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген жаран өзүнүн оозун зым менен  тигип жана  колун кесип салган. Бул тууралуу айыпталуучунун жактоочусу Самат  Матстаков билдирди. 

Анын айтымында, кармалган жаран уюушкан кылмыштуу топ менен байланышы бар деп айыпталып жаткан.

“Каршылык кылуу иретинде ал оозун тигип, эки колун кескен. Мен укугун коргоп жаткан жаран кримтөбөлдөрдүн башчысы Камчы Көлбаевге жардам берген деп жана түрк жаранынан 20 миң сом талап кылган деп айыпталууда. Бирок, ал уюушкан кылмыштуу топтун мүчөсү экендигин кескин түрдө четке кагууда. Ал оозун шыпыргынын зымы менен тигип, колун кесип салды. Айыпталуучу бул иш боюнча сотко чейинки өндүрүш башталсын деп талап кылууда”,- деди Самат Матстаков.

Ал кошумчалагандай, ал укугун коргоп жаткан жаранга физикалык жана психикалык басым болгон деп айтууда.

“Ал Камчы Көлбаевди эч качан көрбөгөндүгүн жана билбегендигин билдирүүдө. Буга чейин  ал Кытайдын жылытуу тутумдарын чыгаруучу заводдо иштеп келген, ага чейин Россияда иштеген”,-деп дүшүндүрдү жактоочу.  

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости