www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу,  Премьер-министр Садыр Жапаровдун аймактардын тургундары менен жолугушуусунда тийиштүү санитардык чаралар толук сакталууда. Мындай билдирүүнү Өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. 

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 2-4-ноябрында Президенттин м.а., Премьер-министр Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош жана Жалал-Абад облусуна жумушчу сапары каралган. Сапардын жүрүшүндө жергиликтүү калк менен жолугушуулар орун алып, алар өлкөдөгү коомдук-саясий абалга байланыштуу ыкчам чечимдерди талап кылган көптөгөн суроолорго жооп алууну көздөшүүдө.

Кеңири форматтагы жолушуулардын жүрүшүндө Садыр Жапаров чекара маселелери жана башка калктын муктаждыктары менен жеринде таанышууда. Ал алыскы райондордон жеке жолугушуу үчүн келген жарандарды угууда.   

"Белгилесек, аймак жашоочуларынын көптөгөн көйгөйлөрү узак мезгилдер бою чечилбей келген жана буга окшогон жолугушуулар өлкө жетекчилигине калктын көйгөйүн жакындан билүүгө шарт түзөт.

Ошол эле укчурда коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүү боюнча чараларга олуттуу мамиле жасап, аймактарда анын жайылышына бөгөт коюу чараларына басым жасоо керек. Буга байланыштуу Садыр Жапаров менен жолугушууга келген жарандар иш-чаранын алдында коргоочу маскаларды жана колду дезинфекциялоочу каражаттарды бекер алышууда.

Натыйжада, Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу,  Премьер-министр Садыр Жапаровдун аймактар боюнча жумушчу сапарынын учурунда жарандардын өмүрүн жана ден-соолугун сактоо боюнча тийиштүү санитардык чаралар толук сакталууда."- дейт өз билдирүүсүндө Өкмөт басма сөз кызматы. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости