www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

31-октябрдан бери дайынсыз болуп изделип жаткан 9 жаштагы Аяна Эмилбекова аман-эсен табылды. Маалыматты Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан тарады.

"Аяна Эмилбекова бүгүн, 3-ноябрда саат 15:00 чамасында аман-эсен табылды. Ленин РИИБинин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын жана криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери Аяна Эмилбекованын коопсуздугу үчүн туугандары менен түшүндүрүү жана профилактикалык баарлашуу жүргүзүштү", - деп билдиришти башкармалыктан.

Азыркы учурда милиция кызматкерлери иштин бардык жагдайларын териштирип жатышат.

Эске салсак, буга чейин Бишкек шаарында 2011-жылы төрөлгөн Аяна Эмилбекова дайынсыз болуп жаткандыгы кабарланган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости