www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1963-жылы президент Жон Кеннединин өлтүрүлүшү боюнча жаңы материалдар АКШда жашыруун сырдан чыгарылды. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.

13 000ден ашык тиешелүү документтер АКШнын Улуттук архивдер жана жазуулар башкармалыгынын сайтында жарыяланды.

«Бүгүн жарык көргөндөн кийин, жыйнактагы бардык материалдардын 97%дан ашыгы жеткиликтүү», - деп айтылат архивдик бөлүмдүн билдирүүсүндө.

Калган материалдар АКШ администрациясынын чечими менен жашыруун бойдон калууда. Бул Америка Кошмо Штаттарынын "коргонуу, чалгындоо операциялары, укук коргоо ишмердүүлүгү жана тышкы саясатына конкреттүү зыян келтирбөө" зарылдыгы менен шартталган.

АКШнын 35-президенти Жон Кеннеди 1963-жылдын 22-ноябрында Техас штатынын Даллас шаарына сапарга чыкканда өлтүрүлгөн. Өкмөттүк комиссиянын корутундусуна ылайык, бул аракетти жалгыз киши өлтүргүч Ли Харви Освальд жасаган жана кутум тууралуу сөз жок. 

Жон Фицджералд Кеннеди 1917-жылы 29-майда Массачусетс штатынын Бруклин шаарында туулган. 1960-жылы 43 жашында АКШнын эң жаш президенти болгон. Кеннединин президенттиги Берлин жана Кариб кризистери, Фидель Кастрону бийликтен кулатуу аракети жана Туштук Вьетнамга аскерлердин жиберилиши менен коштолгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости