www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүнкү күндө АКШнын гегемондук саясатынын залакасын бүт дүйнө тартып жатканын жашырууга болбойт. Менменсинүү, жеке басарлык, дүйнө капиталын өзүнө көз каранды кылуу жана доллардын глобалдык экономикага болгон таасирин санкциялар менен бекемдөө — мунун баары Збигнев Бжезинскийдин жазгандарын тастыктагандай сезилет.
Эске салсак, Збигнев Казимеж Бжезинский 1997-жылы "Улуу шахмат тактасы: Американын үстөмдүгү жана анын геостратегиялык милдеттери" ("The Grand Chessboard: American Primacy and Its Geostrategic Imperatives") деген эмгегин жарыялаган. Бул китепте ал дүйнө жүзүндөгү 100 жылдык саясий динамиканы, алдыңкы мамлекеттердин таасир талашын, жана алсыз өлкөлөрдүн кандайча басмырланарын саясий шахмат оюнуна салыштырып түшүндүргөн.
Бжезинский — АКШнын тышкы саясат доктринасынын авторлорунун бири болгону менен, ошол эле учурда карандай чындыкты жазганын да айта кетүү керек.
Маселе башкада. АКШ дүйнөлүк таасирин күчөтүү максатында, түз жана кыйыр түрдө эл аралык финансылык институттарды (мисалы: Дүйнөлүк Банк, USAID, БУУ) жана укук коргоо уюмдарын өз максатына ылайык каржылап келет.
Ошолордун бири — Human Rights Watch (HRW) — жакында Тажикстандын бийлигине кайрылып, Россиянын президенти Владимир Путинди өлкөгө киргизбөө же камакка алуу өтүнүчүн жасады. Бул өтүнүч Эл аралык кылмыш сотунун чечимине таянып жасалганы айтылды.
Бирок бул жерде адилет суроо туулат:
Эмне үчүн ушул эле уюм же МУС АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп менен Аляскада жолугушууга барган Путинге карата мындай кайрылуу жасаган жок? Эмне үчүн бул уюмдардын активдүүлүгү, "эр жүрөктүүлүгү" Азиядагы же Борбор Азиядагы мамлекеттерге келгенде гана ойгонот?
Дал ушул кош стандарт, бул эки жүздүү гегемондук саясат — бүгүн дүйнөнүн көп өлкөлөрүнүн нааразычылыгын жаратып жатат.
МУС жана башка эл аралык уюмдар айрым мамлекеттердин алдында унчукпай, башкаларга келгенде "мыйзам талаптарын" кыйкырып чыкканы — эл аралык укуктун адилеттүүлүгүнө шек туудурат.
Эгер мыйзам чындыгында мыйзам болсо, ал бардык өлкөлөргө бирдей колдонулушу керек. Болбосо ал "кийиз ичине катып алган бычактай" болуп калат — керектүү учур келип калганда гана колдонулган саясий курал.
Бүгүн аалам кадимки тынч мезгилде эмес. Геосаясий жараяндар өзгөрүп, көп полярдуу дүйнөгө кадам ташталууда. Ошондуктан дүйнө коомчулугу эл аралык уюмдардын көз карандысыздыгын, адилеттүүлүгүн жана принциптуулугун талап кылышы керек. Мындай шартта АКШнын гана эмес, башка ири державалардын да өзүнүн кызыкчылыгына ыңгайлашкан "укуктук" оюндарын ачык айтуудан коркпоо керек.
Бүгүнкү дүйнөдө жалгыз бир өлкөнүн саясатына баш ийген эл аралык тартип узакка созулбайт. Мындай шартта адилеттик, тең салмак жана өз ара урматтоо гана глобалдык туруктуулуктун ачкычы боло алат.