www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова 9-октябрда күтүүсүздөн коомчулуктун көңүлүн кайрадан 11 жыл мурдагы 19 жаштагы Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча чуулгандуу кылмыш ишине бурду. Бул окуя 2014-жылы коомчулукту дүрбөлөңгө салып, бирок иликтөө жыйынтыгы белгисиз бойдон калган. Эми, убакыттын кыйлага өткөнүнө карабай, бул иш кайрадан жанданып, аны Салянова өзү жарыялоого белсенгени ар кандай суроолорду жаратпай койгон жок.
Салянова бул маалыматты коомчулукка өзү таратып, окуянын чоо-жайын айтам деп түз эфир убада кылып, бирок кайра «ИИМдин өтүнүчү менен тергөө кызыкчылыгына байланыштуу» маалыматты жарыялоону кийинкиге калтырганын жар салды.
Бир кезде бул ишке байланыштуу жакын тууганы Калыйбек Саляновдун шектүү катары аты аталып, үн катпай келген. Эми ошол жараксыз кагазга айланып бараткан иштин жанданышына кызыкдар болуп жаткандай түр көрсөтүүдө.
Андыктан эмне үчүн азыр деген суроо туулат? Эгер чын эле Камила Дүйшөбаеванын өлүмү ачылган болсо, эмне үчүн маалыматты укук коргоо органдары эмес, саясатчы жарыялап жатат? Бул Салянованын колунда кандайдыр бир шок фактылар бар экенинен кабар береби же болгону саясий мейкиндикке кайтып келүүнүн биринчи кадамыбы?
Эске салсак, Аида Салянова учурдагы саясий чөйрөдөн четтеп турганына карабай, акыркы айларда коомдук темаларга комментарий берип, өзүнүн кайрадан көрүнүшүнө аракет кылып жатканы байкалууда. Мындай учурда резонанстуу кылмыш ишин “жандандырып”, коомчулуктун эсинде калган окуя аркылуу медиа талаага кайтуу натыйжалуу көрүнгөнү менен этикалык жактан күмөндүү кадам десек жарашат.
Бул аралыкта ИИМ тарап расмий түрдө бул маалыматтарды тастыктаган жок. Эгер Салянова жарыялаган маалыматтарда чындык бар болсо, анда тергөөчүлөр бул тууралуу эмне үчүн үн катпайт? Болбосо, бул саясатчылардын эски "карталарын" кайра ойноп жатканын билдиреби?
Аида Салянова коомдук-саясий сахнага кайра кайтып келүүнү көздөп жатса, мындай резонанстуу темалар анын “визит карточкасы” болушу мүмкүн. Бирок ар бир айтылган сөз, ар бир интрига коомчулуктагы ишенимге тийген маселе. Камила Дүйшөбаеванын өлүмү — бир үй-бүлөнүн кайгысы, акыйкат издеп өткөн жылдары. Ал трагедиянын айланасында саясий оюндар жүргүзүлүп жатса, бул эң чоң кайгылуу көрүнүш болот.
Эми Салянованын айткан "бир-эки жумадан кийин толук маалымат берем" деген убадалары ишке ашабы же бул дагы "жыландын башын кылтыйтып" коюу менен чектелеби убакыт көрсөтөт.