www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК тарабынан «К.KG» ЖЧКсынын директору Б.Б.Ж. жарандардын ишениминен пайдаланып, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жайгашкан мамлекеттик жер тилкелерин пайдалануу боюнча жасалма укуктарды ишке ашыргандыгы аныкталган. 

Тактап айтканда, Б.Б.Ж. мурда калкка жер участокторун топографиялык съемкалоо боюнча кызмат көрсөтүп, бош жер тилкелеринин жайгашкан жерин билип туруп, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун токой фондусунун 71 га өлчөмүндөгү жер тилкесин пайдалануу укугуна жалган күбөлүктөрдү мыйзамсыз жасап, андан кийин КР жараны Т.Б.га 115 миң АКШ долларына сатып жиберген. 

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин негизинде КР жараны Б.Б.Ж. кармалып, Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камалды.

Мындан улам КР УКМК жарандарды сак болууга жана ар кандай шылтоолор менен Ысык-Көл облусунун аймагындагы жер тилкелерин, анын ичинде жерди пайдалануу укугун саткан абийирсиз адамдардын аракеттеринен алыс болууга чакырат. Эгерде кимдир бирөө алдамчылык же башка мыйзамсыз аракеттерге туш болсо, анда КР УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына кайрылууну сунуштайбыз.

Последние новости