www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Үстүбүздөгү жылдын июнь айында Бакуда кармалган Sputnik Азербайжан маалымат агенттигинин аткаруучу директору Игорь Картавих бошотулду. Бул маалыматты орус президентинин жардамчысы Юрий Ушаков тастыктады.
Анын айтымында, мындай чечим президенттин жардамчыларынын деңгээлиндеги сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кабыл алынып, аны бошотуу маселеси Орусия менен Азербайжандын президенттеринин үстүбүздөгү жылдын 9-октябрындагы жолугушуусунун алдында чечилген.
Белгилей кетсек, Игорь Картавих жана Sputnik Азербайжан басылмасынын бир нече кызматкери июнь айынын аягында камакка алынган. Кийинчерээк алардын көбү “үй камагына” чыгарылган, бирок Картавих менен басылманын башкы редактору Евгений Белоусов камакта кала беришкен. Ошол учурда азербайжандык бир катар маалымат каражаттары “эки орус агенти” кармалганын жазып чыгышкан, бирок Орусия бул айыптоолорду четке каккан.
«Россия сегодня» басылмасынын маалыматына караганда, Игорь Картавихтин баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, ал үй камагына которулуп, учурда Бакуда.
Эскерте кетсек, кечээ, 9-октябрда узак тыныгуудан жана тирешүүдөн кийин Владимир Путин менен Илхам Алиевдин жолугушуусу болгон. Жолугушуу 10-октябрда Дүйшөмбүдө өткөн КМШ саммитинин алдында болуп, Путин жолугушууда былтыр декабрда болгон AZAL учагынын кыйроосу үчүн Азербайжан компенсация төлөй турганын, ага Орусия күнөөлүү экенин моюнга алды.
Шехроз Жалгашев, Ташкен