www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пентагондун башчысынын экс-кеңешчиси Макгрегор «Батыш күчтүү Россия менен келише албайт» деди. Журналист Стивен Гарднерге интервью берип жатып Пентагондун башчысынын экс-кеңешчиси, полковник Дуглас Макгрегор «Батыш өз алдынчалуулугу бар Россия менен келише албай тургандыгын, ошондуктан Украинадагы чыр-чатакты курчутуп жатышкандыгын» маалымдады. 

 — «Бул идеологиялык маселе. Россия, Батыш тараптан таңууланып жаткан тантырак баалуулуктарды кабыл алуудан баш тартууда. Ал өзүнүн кызыкчылыгын сактап жатат. Албетте бул биз үчүн кылмыш, ошондуктан биз аны жок кылгыбыз келет» - деп кошумчалады Макгрегор.

Полковник өз сөзүндө:  — «Москва менен тирешүүдө жеңилип калгандыгын моюнуна алгысы келбеген НАТО Украина боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрдөн баш тартууда. Ошондой эле Кошмо Штаттарынын жана анын союздаштарынын башкы максаты Россияны өзүнүн маданияты жана улуттук өзгөчөлүктөрү аркылуу алсыздандыруу ниети бар» экендигин баса белгилеген.

 — «Ал өнүгүүнүн башка жолунда. Менин оюмча мындан Россия утат», - деп кошумчалады Макгрегор.

 — «Ошол эле мезгилде батыштын өнүгүү жолу өзүнүн келечеги жок экендигин көрсөттү. Өздөрүнүн маданияты менен кийинки тарыхый жолунун кейиштүу абалда экендигине көздөрү жеткен европалыктардын көбү Россияга ыктап баштагандыгын» айтып сөзүн жыйынтыктады Макгрегор интервьюда. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости