www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews маалымат агенттигинин окурмандары эниоинженер Лариса Асанбекованын 2012 жылы Жаңы доор тууралуу жазганын сиздердин эсиңиздерге салабыз. Асанбекованын калпычылар тууралуу айтканын 2 жыл мурун индиялык көз ачык Ананд айткан.
-- Урматтуу замандаштар, ойлонуп, ойгонуп өзгөрүүгө убакыт келди. Ар бир адам өзүндөгү терс сапаттарынан арылып, аӊ сезимин өз каалоосу менен жакшы жакка өзгөртпөсө, анда ааламдык күчтөр өзгөртүп коет. Жаӊы доордо Адамкерчилик деген сапат биринчи орунга чыгат. Төмөндө 8 жыл мурда жазылганга көӊүл бургула. 2024- жылды күтүп отурбайлы, аракетибизди азыртан баштайлы!
Калпычыларга Жаңы доордо орун жок
Биздин үйүбүз болгон Жер планетасы Күн системасында экени баарыбызга белгилүү. Эми ошол Күн системасындагы бардык планеталар бир жылдыз белгисинен экинчи жылдыз белгисине ар кандай ылдамдыкта айланышат. Мисалы, Ай утур бир жылдыз белгисин ар бир эки жарым күндө алмаштырса, Жер 30 күндө, Марс 1,5 айда, Юпитер бир жылда өтөт. Канчалык планета Күндөн алыс болсо, ошончолук жай өтөт. Мисалы, Плутон планетасы бир зодиак белгисинен экинчисине 20 жылда өтөт. Бирок, бул планетанын акыркы 40 жылдан бери ылдамдыгы тездеп мурдагыдай 20 жылда эмес, азыр 12 жылга чейин кыскарып, ылдамдыгы ушул тездикте 1971-жылдан бери айланып жатат. Бул өзгөрүүнүн себебин тилекке каршы, азыркы окумуштуу астрологдор билбей баштарын катырып, техниканын өнүккөнүнө карабай алсыз экендерин моюндарына алып жатышат. Андан тышкары ар бир зодиак ар кандай мүнөзгө ээ жана адамзатка өз таасирин тийгизип турат. Мисалы, Плутон аң-сезимдин кеңейишине таасир берет жана башкарат.
Артка бир кылчайып карап көрсөк, чын эле техниканын дүркүрөп тез өсүшү акыркы 40 жылдан бери экенин тана албайбыз. Плутон адамзаттын аң-сезимине акырындык менен таасир берип “ойготуп” отуруп, анын импульсун жалпы масса кабыл алып, аң-сезимдер биринин аркасынан бири ачылат экен. Бирок, адамзаттын келечеги Плутондон эмес, анын берип жаткан энергиясын кандай пайдаланабыз ошого карата болот. Мисалы, бийликти “акмакчылык” менен пайдаланып, Кудайдын мыйзамын бузгандарга эми Плутон “чыдабайт” дейт. Анын таасири 2024-жылга чейин уланат. Буга чейинки калптардын баары ачылып, көпчүлүк китептерди, тарыхты кайра жазууга туура келет экен. Ал эми ошондой эле бир доордон экинчи доорго өтүүдө жердин уюлу өзгөрүүгө туш болот. Майя эли Уран планетасына көңүлдөрүн өтө бөлүшкөн. Себеби, 3 ченемдик дүйнөдөн, 4 ченемдик дүйнөгө Уран планетасынын күчү же таасири менен өтөбүз. Уран жан дүйнөгө күч-кубат берип, ар кандай чек койгон “эскиден” арылтат (элдин бардык дүйнө жүзүндө бийликке каршы көтөрүлүшү, эскиче башкарууга каршы чыгуу). Уран тездик менен бардык эскилерди жана кереги жокторду жаңыга алмаштырганга аракет кылгандыктан анын таасиринин натыйжасын болжогонго болбойт. Ошондуктан Жаңы доордун жаңы энергиясын кабыл алып, аң-сезимди ойготууга убакыт келди, - деп жазган 2012 жылы 6-декабрда академик, эниоинженер, Лариса Асанбекова.
Булак: NazarNews.kg