www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Надира Нарматованын уулу камактан чыкты

УКМК тарабынан кармалган, Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматованын уулу А.Н. бөгөт чарасы өзгөртүлүп, камактан чыкты. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Маалым болгондой, анын баш коргоо чарасы 11-майда каралган. УКМКнын тергөөчүсү А.Н. аттуу жарандын бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен кайрылган. Сот өтүнүчтү канааттандырып, А.Н. эч жакка кетпөө тилкаты менен камактан чыгарылган.

Буга чейин Нарматованын уулу 22-майга чейин камакка алынган.

Эскерте кетсек, депутаттын А.Н. аттуу уулу Ош облусунда бажы кызматында иштеген. Анын кармалышы Кытайдан товар ташуудагы коррупциялык ишке байланыштуу. Бул иш боюнча буга чейин башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кайниси кармалган. Мамлекетке келтирилген зыян дээрлик 1 млрд сомго жетери айтылган.

18-мартта УКМК Кытайдан товар ташууда коррупциялык схема аныкталганын, ал боюнча Бажы кызматынын алты жооптуу адамын жана жеке компаниянын үч өкүлүн кармаганы тууралуу маалымат тараткан. Алардын ичинде жогорку кызматта иштеген адамдардын туугандары бар экени кабарланган.

Кийинчерээк УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кармалгандардын арасында башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кайниси бар экенин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости