www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
The Wall Street Journal газетасынын Пентагондогу маалымат булактарына таянып жазганына караганда АКШнын сунушу менен Сингапурда өткөрүлмөкчү болуп жаткан аймактагы коопсуздук боюнча Коргоо министрлеринин “Шангри-Ла диалог” форумуна Кытай катышуудан баш тартты.
— "Май айынын башында Коргоо министри Ллойд Остин өзүнүн коллегасы Ли Шанфуга ушул жумада Сингапурда өткөрүлмөкчү болуп жаткан форумга катышуу чакырыгын жокко чыгарды. Бул туурасында кечинде АКШга КЭР маалымдар кылды”, — деп айтылат макалада.
Май айынын ортосунда Остин “2-4-июнга белгиленген форумдун алкагында кытайлык коллегасы Ли Шанфу менен жолугушуу мүмкүнчүлүгүнө карап жатканын” ишара кылган.
Америкалык Коргоо министрлигиндегилер АКШ менен КЭРдин ортосундагы аскер ведомстволорунун ортосундагы ачык коммуникациялык каналдарды колдоонун маанилүүлүгүнө Вашингтон ишенээрин билдирет. Мындай жолугушуу өлкөлөрдүн ортосундагы атаандаштыктын жүрүп отуруп чыр-чатакка чейин өсүп жетпесине жардам берээрин министрликтегилер кошумчалашты.
Апрель айында Politico басылмасы өздүк булактарына таянып Кытай АКШ тарабынан мамилелерди жогорку деңгээлде жаңылоо аракеттерин четке кагып жаткандыгын билдирген. Буга чейин мамлекеттик катчы Энтони Блинкендин баш тартылган күн чыгыш өлкөсүнө болгон визитинин жаңы датасын Пекин колдобой тургандыгы такталууда. Ошондой эле бул тактоолордо Джо Байден менен Си Цзиньпиндин телефон аркылуу сүйлөшүүлөрү менен кошо бир катар аткаминерлердин иш-сапарга баруусуна чейинки макулдашуулар да бар.
Булак: NazarNews.kg