www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын карызы Россияныкынан 107 эсеге көп

Американын 2022-жылдагы мамлекеттик карызы карызкор болгон 13 өлкөнүкүнө барабар болуп, Россияныкынан 107 эсе көбп экенин РИА Новости жазды.

АКШнын карызы 31,42 триллион долларга жеткен. Ал эми ири карызы бар 13 өлкөнүн карызы 31,4 триллионго жетип, АКШныкынан 23 миллиардга аз болууда.

Алсак, карызы боюнча АКШдан кийин экинчи орунда 9,59 триллион долларды чапчып Япония турат. Үчүнчүдө 3,75 триллион доллар менен Кытай, андан соң Британия өкмөтүнүкү 3,03 триллион, Италиянын карызы 2,88 триллион доллар экени айтылды. Андан кийинки орундарда: Франция, Индия, Германия, Испания, Канада, Бразилия, Түштүк Корея, Сингапур жана Австралия турат. Булардыкы жалпысынан 12,15 трлн. долларды түзөт.

Ал арада Россиянын мамлекеттик карызы 294,8 миллиард экени аныкталып, Американыкына караганда 107 эсе, Японияныкына салыштырмалуу 33, Кытайдыкына карата 13 эсе аз экени маалым болду.

АКШнын карызы 0,1 пайызга өсүп, жаңы рекордду жаратып 31,46 триллион долларга жетип, мыйзамдуу түрдө белгиленген чектен ашып кетти.

Мындай көрүнүштөн соң Финансы министрлиги финансылык операцияларды улантуу боюнча чукул чараларды кабыл алып, ал эми АКШнын администрациясы Конгресске лимитти көтөрүп берүүгө чакырык салган. 

Учурда өлкөдө чекти жогорулатуу боюнча кызыл чеке талаш жүрүүдө. Эгерде алар бир пикирге келбесе, өлкөдө 1979-жылдан берки биринчи дефолт болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости