www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президентинин өкүлү Стив Виткофф жана АКШ президентинин күйөө баласы Джаред Кушнер Орусия жана Украина менен сүйлөшүүлөргө, ошондой эле Иран тарап менен бир пикирге келүү үчүн Женевага учуп кетишти. Бул тууралуу 17-февралда Axios журналисти Барак Равид X социалдык медиа платформасында билдирди.

"Ак үйдүн өкүлдөрү Стив Виткофф жана Джаред Кушнер Иран менен өзөктүк сүйлөшүүлөргө жана Орусия-Украина тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышуу үчүн Женевага учуп кетишти", - деп жазган ал.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 13-февралда Орусия, АКШ жана Украинанын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн кийинки айлампасы 17-18-февралда Женевада өтөөрүн жарыялаган. Анын айтымында, орусиялык делегацияны Россия президентинин жардамчысы Владимир Мединский жетектейт жана жолугушуу жабык эшик артында өтөт.

Ошондой эле 16-февралда АКШнын президенти Дональд Трамп Украина сүйлөшүүлөрдө ийкемдүү болушу керектигин билдирип, алдыдагы үч тараптуу жолугушуунун маанилүүлүгүн баса белгилеген.

Последние новости