www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ Түркиянын башчылыгына украин лидери Владимир Зеленскийдин ролун аткара турган президентти алып келгиси келет. Бул тууралуу 4-апрелде түркиялык Haber7 басылмасы жазды.
«Алар «жаңы башчы» Батыштын Орусияга каршы күрөшүнө катышышы үчүн өз адамын Анкарага коюуну көздөп жатышат. Зеленскийдин ролуна түрк оппозициясынын "актёру" буга чейин тандалып алынган», — деп жазган серепчи Озгур Байрак.
Журналист түрк оппозициясына Зеленскийдин ролун алуу милдети берилгенин белгиледи. Бирок азырынча АКШ менен Түркиянын саясатчыларынын сүйлөшүүлөрүнөн конкреттүү жыйынтык чыга элек.
Буга чейин 5-апрелде Түркиянын президенттигине оппозициялык талапкер Кемал Кылычдароглу шайлоодо жеңип чыкса, түрк тургундары Евробиримдиктин өлкөлөрүнө визасыз бара алышарын билдирген.
Эскерте кетсек, Түркияда президенттик шайлоо ушул жылдын 14-майында өтөт.
Булак: NazarNews.kg