www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Трамп түрмөдө отуруп да президент боло алат

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп абакта отурганда да өлкөнүн жаңы лидери боло алат деп жазат Politico басылмасы.

«Трампка президенттик шайлоодо ат салышууга эч нерсе, ал тургай федералдык өкүм дагы тоскоол боло албайт. Психикалык жактан оорулуу болсо да. Жогорку Соттун чечиминде федералдык кызматка талапкер болуу үчүн Конституциянын талаптары гана маанилүү экени айтылат”, - деп түшүндүрдү юридикалык окумуштуу Юджин Мазо.

Президенттик жарышка катышуу үчүн талапкер кеминде 35 жашта, АКШда туулуп жана 14 жылдан кем эмес жашаган болушу керектиги такталган.

Штаттар мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын шайлоодо кылмышкерлерди бюллетенден чыгарышы мүмкүн, бирок федералдык шайлоодо эмес, анткени штаттарда ар кандай эрежелер бар.

Учурда сот саясатчынын расмий камакка алынышын алып салды жана Трамп Флоридага кайтып келди. Прокурорлор аны 34 берене боюнча айыптап жаткан.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости