www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында алдамчылыкка шектүү кармалды, деп билдирди 19- ноябрда Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы.

Жабырлануучунун маалыматы боюнча, 4-ноябрда Американын визасын алып берүүнү убадалаган 2 жигитке 8200 доллар берген. Бирок алданганын билгенден кийин 18-ноябрда милицияга кайрылган.

Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен катталып, Октябрь РИИБдин кызматкерлери тарабынан 1998-жылы туулган Т.А., 1993- жылы туулган И.Д. шектелип кармалды.

Милиция шектүүлөр ушул сыяктуу башка дагы иштерге катышы бар деп божомолдойт. Жабыркагандар үчүн байланыш номуру: 0 (702) 003-330, 0 (700) 126- 622, 0 (707)256-666 жана «102» кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости