www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Гүлнур Асанова кылмыш жоопкерчилигине тартылат…

Буга чейин чыгармачылыгын таштап, дин жолуна түшкөн ырчы Гүлнур Асанова өгөй атасы Темираалы Маймашев көз жумганын билдиргенин жазганбыз.

Асанова фейсбук баракчасына жазган постунда Zobolo масс-медиасы менен NazarNews маалымат агенттигинин ар-намысына, кадыр-баркы жана ишкердик репутациясына курулай жалаа жабып, каралаган билдирүү калтырган.

Анда ал: “Өзгөчө Zobolo сайты, мурунку жубайы Айнагүл СамиеваГүлжан Каримовна (Ред.: NazarNews сайтынын башкы редактору) биригип алып жасаган ишиңиздердин акыбети мына ушул! Аллах баарына күбө! Факт катары больницада комага түшкөнүн чыгарганмын. Жарыктык киши андан ооруусу күчөп, сүйлөөсү дагы жай болуп, кайра-кайра больницалап жүрүп, акыры бүгүн акыретке узап кете берди”, – деген.

Эми Zobolo масс-медиасы менен NazarNews маалымат агенттигинин ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкердик репутациясына курулай жалаа жабып, каралаган билдирүүнү калтырганы үчүн журналисттер Гүлнур Асанованын үстүнөн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына таянуу менен арыз жазып, аны кылмыш жоопкерчилигине тарттырышмакчы.

Эске сала кетсек, ага чейин ар качан ызы-чуунун үстүндө жүргөн бир тууган эже-сиңдилер Айнура жана Гүлнур Асановалар туурасында режиссёр Темиралы Маймашовдун биринчи жубайы Айнагүл Самиева өздүк баракчасына жазып чыккан.

Андан соң Айнагүл Самиева Zobolo медиасына маек берип: “Жолдошум беш баламды Гүлнур Асанова менен анын энесине алмаштырып кетти”, - деп билдирген.

Самиева берген маегинде мурунку күйөсү Маймашов менен кандай жашаганын, анын турмушунда Гүлнур Асанованын энеси кантип пайда болгонун жана алар аны пайдаланып туруп, көчөгө таштап коюшканын айтып берген.

Макала Zobolo медиасына жарыяланган соң, акын Бурулкан Карагулова - режиссёр Темиралы Маймашов маек берүүгө даяр экенин билдирип, суранып жатканын айткан. Биздин максат ар тараптын үнүн элге жеткирүү болгондуктан, Маймашов жашап жаткан батирге барганбыз. Себеби, Маймашов баса албастыгын жана катуу ооруп жатканын айтып, журналисттерден үйүнө келип кетүүсүн өтүнгөн.

Анын маегин жазма түрдө берүүнү эп көргөнбүз. Бирок биз барып кеткенден кийин Гүлнур Асанова өгөй атасынын убактылуу жашап жаткан батирине “Супер ТВны” ээрчитип барып, кечирим сураптыр.

Гүлнур Асанова кечирим сурап, тасмага тарттырып кеткенден кийин Маймашов бизге байланышка чыгып, Гүлнур “ызылдап” жатканын айтып, интервьюдан анча-мынча жерин алып коюуну өтүнгөн. Буга макул болгонбуз.

Көп узабай Гүлнур Асанова анын вотсаптан кетирген сөзүн видеого тартып, өздүк баракчасына жүктөгөн.

“Гүлнур кызым, айланып кетейин, 'Зоболого' жиним келип, аябай кыжырым кайнап, азыр чалып. аларды уруштум. “Мындай кылганыңар үчүн мен сотко берем, эмнеге мындай кылып жатасыңар?” - десем, “Байке, кечирип коюңуз, Айнагүл Самиева менен алмашып кетиптир. Ар-ар жерин эле анонско бердик” деди. “Өчүргүн! Сотко берем” дедим. Алар “Асановалар көчөгө айдап чыккан” деп да коюшуптур… көк мээлер”, – деп айткан.

Белгилей кетсек, ал кезеңде Маймашовдон алган маегибиз анонс катары да масс-медиага жарыяланган эмес. Кечирим да сураган эмеспиз!

Маймашов - Гүлнур Асанова Бакиевдер менен ойноштук кылып, бутуна турган соң үйдөн кууп чыкканын айткан. Биздин масс-медианы кайрадан жаман көргөзүп жаткандыгы үчүн жазма түрүндө эмес, видео түрүндө толугу менен жарыялоону туура деп тапканбыз.

Аны менен катар режиссёр Темиралы Маймашовдун кийинки жубайы, тактап айтканда Гүлнур Асанованын апасы Жумагүл Асанова Zobolo медиасынын журналистине кайрылып, өзүнүн фейсбук баракчасына жазган билдирүүсүн жазып чыгууну өтүнгөн.

Анда Жумагүл Асанова режиссёрдун биринчи жубайы Айнагүл Самиева Кудайга жакпаган кылыгы менен тагдырын талкалап алганын жазган.

Булак: Zobolo

Последние новости