www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европалык айрым маалымат каражаттары жазгандай, Кошмо Штаттардын улуттук коопсуздук боюнча агенттиги 2012-2014-жылдары Европадагы алдыңкы саясатчыларды, анын ичинде Ангела Меркелди Даниянын чалгын кызматынын жардамы менен аңдыган.

Бул маселе 2015-жылдагы Даниянын ички чалгын кызматынын иликтөөсүнүн жыйынтыгында аныкталганын аталган мамлекеттин улуттук агенттиги 30-майда жашыруун булактарына таянып билдирди.

Иликтөөгө караганда, АКШнын коопсуздук агенттиги Швеция, Норвегия, Франция жана Германиядагы жогорку даражалуу аткаминерлердин артынан тыңчылык кылуу үчүн Даниянын маалымат кабелдерин колдонгон.

Аңдууга туш болгондордун арасында немис канцлери Ангела Меркел жана Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер да болгону кабарланды.

Журналисттердин маалыматына караганда, АКШнын коопсуздук агенттиги Даниянын коопсуздук кызматтарынын жардамы менен суу алдынан өткөн интернет кабелдер аркылуу каттарды окуп, телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшап турушкан.

Немис бийлиги иликтөө тууралуу маалыматтарды караштырып жатканын билдирди.

"Федералдык бийлик отчетту эске алып, улуттук жана эл аралык мекемелер менен түшүндүрмө алуу үчүн байланышууда", -деди өкмөттүн расмий өкүлү Штеффен Зайберт.

Швециянын коргоо министрлиги Даниядан бул тууралуу толук маалымат талап кыларын кабарлады. Дания менен АКШ бийлиги журналисттердин суроолоруна жооп бере элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости