www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Укук коргоо органынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалганын Ички иштер министрлиги билдирди.

7-майда У.Б. аттуу жаран ИИМге кайрылып, пара талап кылган милиция кызматкерине чара көрүүнү суранган.

Процесстин жүрүшүндө аталган кызматкер сотко чейинки өндүрүш боюнча оң чечим чыгаруу үчүн 12 миң доллар өлчөмүндө акча талап кылгандыгы аныкталды.

Бул факт Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 326-беренесинин 3-бөлүгү (Опузалап пара алуу) менен катталган.

Бүгүн, 31-майда ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүүү кызматы менен биргеликте, Бишкек шаарынын Бакаев жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде 1000 доллар жана 20000 сом өлчөмүндө акча каражатын алып жатканда, Ички иштер министрлигинин Коопсуздук кызматынын кызматкери, милициянын улук сержанты А. А.ны кармашты.

Баңгизатын колдонуу фактыларын аныктоо боюнча экспертизанын жүрүшүндө кызматкер баңгизатын колдонгону аныкталды.

Учурда УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тергөө иштерин жүргүзүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости