www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Отуз жылдан бери коррупция менен күрөшүүнү чындап көрүп жатабыз", - деп билдирди Марс Сариев. Мурдагы жогорку даражалуу чиновниктер жана парламенттин депуттары кармалды, Асылбек Жээнбеков, Өмүрбек Бабановдор “Кумтөр” иши боюнча жана Төрөбай Зулпукаров КР ЖК "Мыйзамсыз баюу" беренеси менен кармалышты.

Марс Сариевдин пикири боюнча, азыр коррупция менен чыныгы күрөш жүрүп жатат. "Ким коррупцияга тийешеси болсо, ким Кумтөрдөгү махинацйияга катышы бар болсо кармалаары шексиз", - деди эксперт.

Марс Сариевдин айтымында бул акыркы камоолор эмес, кылмыш иши дагы беш парламенттин депутатына козголду.

"Биз азыр каршылыксыз күрөштү байкап турабыз, анткени булардын баары булганыч ишке аралашкандар, үндөй алышпайт. Менимче фактылар бар, документтер чогултулган. Коррупция менен чыныгы күрөштүн башталганы билинип турат", - деди маектешибиз.

2021-жылдын жазынын акыркы айы чуулгандуу камоолор менен эсте кала турган болду. Бүгүн мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, мурдагы президенттин бир тууганы Асылбек Жээнбековдор 48 саатка камалды.

Ошондой эле СДПК парламенттик фракциясынын лидеринин орун басары Төрөбай Зулпукаров камалды. Т. Зулпукаровго мыйзамсыз баюу беренеси тагылды, ал эми Жээнбеков менен Бабановго болсо Кумтөр иши боюнча.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости