www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын коргоо министри Грузияга келди

Кошмо Штаттардын коргоо министри Ллойд Остин Кара деңиз аймагындагы үч өлкө боюнча сапарынын алкагында 18-октябрдын таңында Грузияга келди. Ал Тбилисиде Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвили жана коргоо министри Жаншер Бурчуладзе менен жолугат. Бул Пентагондун жетекчисинин 2014-жылдан берки Тбилисиге биринчи сапары.

Пентагондун расмий сайты АКШнын Коргоо министрлигинде иштеген жогорку жетекчилердин биринин: "Биз Орусиянын агрессиясы менен бетме-бет турган өлкөлөрдүн суверендүүлүгүн бекемдеп жатабыз", - деп айткан сөзүн жарыялады.

Грузия узак убактан бери Түндүк атлантикалык аскердик альянска (НАТО) мүчө болууну көздөп келет. Учурда Грузия НАТОго өнөктөш мамлекет. 2008-жылы Орусия менен Грузиянын ортосунда дээрлик беш күнгө созулган согуш чыккан. Андан бери орус күчтөрү Грузиянын Түштүк Осетия жана Абхазия аймактарында калууда.

Москва Грузиянын НАТО уюмундагы макамын жогорулатууну көздөгөн бардык аракеттерге каршылыгын билдирип келет.

АКШнын коргоо министри Ллойд Остин Грузиядан кийин Украина жана Румынияга барып, андан соң 21-22-октябрда НАТОнун коргоо министрлеринин Брюсселдеги жыйынына катышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости