www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аксыда сел агызган сегиз адамдын ичинен алтоонун сөөгү табылды. Изделгендердин арасында 5 жаштагы бала бар. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, 12-июль күнү кечке маал Аксы районунун Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Жолборсту айылында жана Жаңы-Жол айыл аймагындагы Мал-Калды жайлоосунда сел жүргөн. Алгач Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Төлөгөн Султанмуратов жети кишини суу агызып кеткенин тастыктаган эле.

"Кокту-колоттордон түшкөн сел суулары Жаңы-Жол жана Таштак айылынын турак үйлөрүн, короо жайын каптап, сел сегиз адамды, анын ичинде Таштак айылынын беш жаштагы жашоочусун да агызып кеткен. Издөө иштеринен кийин алты адамдын сөөгү табылып, экөө изделүүдө", — деп билдирди ӨКМ.

Ал эми райондук милициядагы ишенимдүү булактардын айтымында, табылган беш адамдын ичинен экөө аял, бирөө эркек жана бир жаш кыз. Учурда 5 жана 3 жаштагы бөбөктөр табылбай жатат. Издөө иштерине ӨКМдин, РИИБдин кызматкерлеринен жана жергиликтүү тургундардан жалпы 100дөй адам тартылганы кошумчаланды.

ӨКМ каза болгондордун сөөгүн саат 23:40тар чамасында тапкан. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости