www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жер көчкү түшүү коркунунчунан улам 9 үй-бүлө көчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кара-Суу айыл аймагынын Жүзүм-Жан айылында жер көчкү активдешип жана жер жаракалары чоңойгондугу байкалып турганына байланыштуу 9 турак үйгө коптуу абал жаралган.

"30-март күнү жогорудагы 9 турак үйдүн жашоочулары берилген атайын эскертмелердин жана Жарандык коргонуу комиссиясынын протоколунун негизинде коопсуз жерге көчүрүлгөн. 31-март күнү ӨКМнын адистери жеринде тактоо иш-чараларын жүргүзүшкөн. Жер көчкүнүн көлөмү такталууда. 1-апрель күнү иш-чаралар улантылат", - деп жазылат билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости