www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19: Францияга үчүнчү ирет карантин киргизилди

3-апрелден тарта Франциянын азыркы 19 департаментинде карантиндик чектөө киргизилип, ал өлкөнүн бардык аймактарына тиешелүү болорун аталган өлкөнүн президенти Эммануэль Макрон телекайрылуусунда айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды. 

Локдаун төрт жумага, тагыраагы, бир айга созулмакчы.

«Мектептин жүгүртмөсү балдарды жалгыз-жарым калтырбоого ыңгайлашкан. Бул деген келерки жумадан тарта сабактар үйдөн окулат дегенди түшүндүрөт», - деп кошумчалаган Франция президенти.

12-апрелден тарта эки апталык жазгы каникул башталат, андан кийин бөбөктөр бала бакчага, кенже класстын окуучулары мектепке келе баштайт. Колледж менен лицейлердин студенттери аралыктан билим алып, окуу жайга 3-майдан тарта гана барат.

20-марттан бери Франциянын 16 департаментинде, анын ичинде Париж аймагында ийкемдүү эрежелер менен карантин киргизилген. Бул өткөн эки чектөөгө караганда бир топ жумшагыраак. Бир жумадан кийин аталган чаралар дагы үч департаментте колдонулду. Өтө зарыл болбогон товарлар сатылган дүкөндөр жабылып, аймактар аралык каттоого тыюу салынды. Октябрдан тарта Францияда кафе, ресторан, бар, музей менен театр, кинотеатрлар иштебей турат.

Акыркы бир нече аптада Францияда эпидемиологиялык абал начарлап, ооругандардын саны көп боло баштаган. Эпидемия башталгандан тарта өлкөдө 4,5 миллион адам коронавируска чалдыкса, 95 миңден ашуун бейтап көз жумду. Декабрдын аягында COVID-19га каршы эмдөө башталган. Биринчи вакцинаны 8,5 миллион, экөөнү 2,8 миллион адам алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости