www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аксы районунда кайрымдуулук иш-чарасы уюштурулуп, ата-энесинен эрте ажыраган балдарга күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөр тапшырылды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди. 

Иш-чара Аксы районуна караштуу Кербен шаарындагы “Азирети Умар” райондун борбордук мечитинде өттү. 

Кайрымдуулук  алкагында жалпы суммасы 70 миң сомдук азык-түлүк топтому даярдалып, балдарга таратылды. Бул саамалык Мырзабек ажы Абдыкалыковдун демилгеси менен уюштурулуп, жергиликтүү кайрымдуу демөөрчүлөрдүн колдоосу менен ишке ашты.

Иш-чаранын жүрүшүндө ал демөөрчүлөргө жана кайрымдуулукка салым кошкон жарандарга терең ыраазычылыгын билдирип, балдарга насаат айтып, алардын келечеги кең болуп, жолдору ачык болушун тилеп ак батасын берди.

Мындай кайрымдуулук иш-чаралары коомдо боорукерликти, ынтымакты жана бир туугандык мамилени мындан ары да бекемдеп, адамдардын бири-бирине болгон жардамын жана колдоосун күчөтөрү белгиленди.

Последние новости