www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Активист Адилет Али Мыктыбектин алгачкы соттук отуруму бүгүн, 2-сентябрда Биринчи май райондук сотунда башталмак. Бирок негизги күбөлөрдүн бирөө келбей калгандыктан отурум 13-сентябрга жылдырылды.

Блогер 30-июнда милицияга суракка чакырылып, эртеси күнү бир айга камакка алынган. Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү ал Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Жапырт башаламандык”) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын билдирген.

Блогер коюлган айыптарды "саясий буйрук" деп атаган жана президент Садыр Жапаровго кайрылып, эркин өлкөнүн жараны экенин, бирок пикири үчүн камалып жатканын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости