www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Зордукталган кыздар милицияга кайрылса "өзүң кыска кийингенсиң, көз кыскансың" деп шылдыган учурлар көп кездешет. Бул туурасында акыйкатчы Атыр Абдрахматова "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, укук коргоо органдары зордуктоо фактыларын көбөйтпөш үчүн арыздарды кабыл албаганга аракет кылышат. Себеби ошого карап ишине баа берилет.

"Аларга (милиция — ред.) адам укугунан да статистика маанилүү. Милиция кызматкерлери зордук-зомбулукка кабылган кыздардын өздөрү күнөөлүү катары мамиле кылышат. Көбүнчө бизге кайрылган ата-энелер балдарына милиция катуу сүйлөп, "өзүң ошентип баспадыңбы, тигинтип кийингенсиң, юбкаңдын кыскалыгын карабайсыңбы, күлгөнсүң да, көз кыскансың да" деп өздөрүн күнөөлөп коюшарын айтууда. Мисал катары 17-18 жаштагы кыз хореографынын үстүнөн арызданса шылдыңдаганын айтсак болот. Шылдыңдап, басмырлаганга аракет кылышкан. Ушундай учурлар, тилекке каршы, көп", — деди Абдрахматова.

Ошондой эле, акыйкатчы кээде далилдерди жашырыш үчүн зордукталган кыздарга соттук-медициналык экспертиза жүргүзүүнү атайын кечеңдетип жиберишерин кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости