www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-казак чек арасындагы “Чоң-Капка – унаа жол” өткөрүү бекетинде адамдардын, унаалардын өтүүсү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу КР Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн саат 19:00дөн 21:00гө чейин Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасынын техникалык базасын жаңылоого байланыштуу “Чоң-Капка – унаа жол” өткөрүү пунктунда адамдардын жана унаалардын жана жүктөрдүн өтүүсү убактылуу токтотулат.

Чек ара кызматынан белгилешкендей, мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги башка өткөрүү пункттары штаттык режимде иштейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости