www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусияга бараткан мигранттар үчүн Бишкек жана Ош шаарларында көп функционалдуу миграциялык борборлор ачылат. Бул туурасында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев парламентте билдирди.

Анын айтымында, жарандар ал жерден дактилоскопия жана медициналык күбөлөндүрүү сыяктуу зарыл процедуралардан эртерээк өтүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

Миграциялык борборду ачуу тууралуу министрлик менен Москва шаарынын мамлекеттик бюджеттик мекемесинин ортосунда макулдашууга кол коюлган.

"Бишкектеги борбор үчүн болжолдуу имаратты таптык. Жакында Орусиядан келип карашат. Жарандардын көбү Оштон кетип жаткандыктан ал жакта ачабыз. Имаратыбыз бар. Мекендештерди даярдыктан өткөрүп, анан жөнөтөбүз", — деди Базарбаев.

Ошондой эле ал эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев 11-сентябрда Москвага барарын айтты. Анда миграцияга байланышкан ушул сыяктуу маселелер талкууланары жана Орусиянын ички иштер министри менен да жолугары пландалып жатканы белгилүү болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости