www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыйкатчы институтунун Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Караколдогу тергөө абагына жана Балыкчы, Чолпон-Ата шаарларындагы убактылуу кармоо жайларга барышты.

21-апрелге карата Караколдогу тергөө абагында 114 адам кармалып турган. Алардын 7и аял, 4ү жашы жете элек өспүрүм, 3ү чет өлкөлүк жаран болгон. 49 адамдын иши сотто каралууда, дагы 26 адам абактарга баскыч менен жөнөтүлүүнү күтүп жатат.

Кармалгандардан шарттар боюнча даттануу түшкөн эмес. Камералардын санитардык абалы канааттандырарлык, тамак-аш күнүнө 3 маал берилип, белгиленген талаптарга жооп берери аныкталган. Текшерүүдө аялдарга жана жашы жете электерге да көңүл бурулду. Тергөө абагында 3 айлык баласы менен кармалып турган 24 жаштагы Ж.Р. буга чейин кош бойлуу кезинде, Балыкчыдагы убактылуу кармоочу жайда жатканда, жактоочусу аркылуу акыйкатчыга кайрылып, кийин Караколдогу төрөт үйүнө толук текшерүүдөн өтүү үчүн жаткырылганын кабарлаган. Төрөттөн кийин тергөө абагына которулган. Кийин акыйкатчынын көмөгү менен аял өзүнчө камерага жайгаштырылып, суу жылыткыч жана балдар керебети орнотулган.

Акыйкатчынын кызматкерлери Ж.Р. жана анын жактоочусуна баш коргоо чарасын жеңилдетүү өтүнүчү менен сотко кайрылууну сунушташты. Текшерүү учурунда чет өлкөлүк жарандардан арыздар түшкөн: өзбекстандын жараны тергөөчүнүн аракетине даттанды; Россиянын жараны экстрадиция жана бошотуу маселеси боюнча кайрылды; Молдованын жараны мамлекеттик жактоочуга даттанды. Бардык арыздар кароого алынды.

22-апрелде кызматкерлер Балыкчы жана Чолпон-Ата шаарларындагы убактылуу кармоочу жайларга да барышты. Текшерүү учурунда Чолпон-Атадагы жайда 10 адам, анын ичинде бир өспүрүм кармалып турган. Балыкчыда 8 адам, алардын арасында бир аял болгон. Кармалгандардан шарттар жана кызматкерлердин аракеттери боюнча даттануу түшкөн эмес.

Последние новости