www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытов Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова, “Баланын укуктарынын коргоочулар лигасынын” жетекчиси Назгул Турдубекова, Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Чечейбаев Эркин менен бирге Вознсеновка айылында жайгашкан Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын №14 мекемесиндеги тергөө изоляторунда жаткан жана соттолгон жашы жете элек балдардын ошондой эле тергөө абагында жаткан аялдардын ал-абалы, жашоо-шарттары менен жакындан таанышып кайтышты.

Маалымат үчүн айтса кетсек, учурда МЖАК №14 мекемесинде 33 адам, алардын ичинде: 15 жашы жете элек тарбиялануучу (соттолгон), убактылуу кармоочу жайда – 12 жашы жете элек (эркек балдар) жана 6 аял камакта.

Алардын ар бири менен жекече маектешүү өтүп, медициналык кароого, жашоо-шартына, кызматкерлердин мамилесине карата сурамжылоо жүрдү.

Тергөө изоляторунда жаткан жаш балдар жана аялдарды сурамжылоо учурунда адвокатка каражаттын жоктугу жана сот процесси узакка созулганы (улам жылдырылып) көйгөйдү огобетер оорлотуп жатканы айтылды.

Барган топ соттолгон балдар мекеменин мектебинде сабак окуп жаткан жеринде туш келди. Алар менен маектешүү учурунда, айрымдары материалдык зыяндын ордун толтуруп берүү үчүн каражаттын жоктугунан шарттуу түрдө үй камагына чыгууга мүмкүнчүлүгүнө ээ болбой жаткандары айтылды. Мисалы, бир тарбиялануучуга 60 000 сом топтош керек болсо, бирөө 90 000 сом төлөй албай жүрөт.

Балдар сабак окугандан тышкары кесиптик-техникалык окуу жай, компьютердик класста убакыт өткөрүп алаксыры айтылды. Бирок, барган топ ал жерлердин аты эле болбосо, шарттары начар экенине күбө болушту.

Алар мекеменин аймагындагы мектеп, кесиптик-окуу жай, компьтердик класстан тышкары медициналык бөлүм, ашкана, бөлүгү, жуунуу-кир жуучу бөлүгү, китепкана, психологдун иш бөлмөсү, соттолгондор жатак жайы менен таанышышты.

Мекемеге тийиштүү мектептин ди⁠ректору өлкө жетекчилигине окуу китептери, канцелярдык жабдыктар менен камсыздоо өтүнүчүн билдирсе, мекеменин жетекчилиги балдар спорт менен машыгуу үчүн спорт зал пайдаланууга киргизилип, спорттук инвентарь алынып берилсе деген суранычын келтирди. Ошондой эле, медициналык кадрлардын жетиштүү болушу, балдарды реабилитациялоо жана психологиялык жардам көрсөтүүгө психологго муктаждыгы баса белгиленди.

Кыдыруунун жүрүшүндө юридикалык жардамга муктаж мекеменин тарбиялануучулары өз кайрылууларын Акыйкатчыга мындан аркы кароо жана тиешелүү мамлекеттик органдар жана өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан тийиштүү чаралардын көрүлүүсү үчүн өткөрүп беришти.

Ушуну менен бирге вице-премьер-министр Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине медициналык иш бөлмөсүнө дарыгер адистерди кошумча тартууга жана дары-дармектер менен толук кандуу камсыздоого жардам көрсөтүүнү милдеттендирди.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине мектепти Интернетке кошууну ишке ашыруу, тийиштүү окуу адабияттары менен камсыздоо жана компьютердик классты заманбап техника менен жабдуу мүмкүндүгүн карап чыгуу тапшырылды.

Булак: NazarNews.kg   

Последние новости