www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттин эӊ бир бийиктиги, улуттун улуттугу бул тил. Андыктан ар бир улут тилин ардактайт. Мамлекет тилине камкордук көрөт. Бирок, ошол эле тапта мамлекеттин титулдук улутунун жана да мамлекеттик макамы бар тилди маскаралагандар арабыздан чыгып жатканы өкүнүчтүү. Сөз куру болбос үчүн факты келтирели.

«Альфа Ломбард» деген күрөөкана бар экен. Эми күрөөкана дегенди жакшы эле түшүнүп калбадыкпы. Кактабай канды соргон неме экенин билсек деле «айла жок бирок, а ля вью» болуп айланып ошол күрөөканага күнүбүз түшүп калган учурлар аз эмес. Күрөөкана деген бул - элдин канын соруп аткан бирден-бир тармак.

Тагыраак айтканда, кыйчалыш, кысталыш учурда батир, автоунаадан баштап алтын-күмүшкө чейин күрөөгө койдуруп туруп акчасын бере коюп, анысын беш эселеп кайтарып алган тармак эмеспи. Мына ошол биз сөз кылып жаткан «Альфа Ломбард» деген жоопкерчилиги чектелген коом (ЖЧК) жоопкерчиликтен таптакыр алыстап, кыргыздын жеринде кыргыз тилин келекелеген, кемсинткен аракеттерин жасап жатканы өкүнүчтүү. Өздөрүн жарнамалоодо «Ү» тамгасын «У» тамгасы менен жазып, бир эмес, бир нече сүрөт, жарнама-жарыяларын борбордун так ортосуна чапташты. Атургай айрым сөздөрүндө маани-маӊыз дагы таптакыр бузулуп, талкаланган. Болгондо дагы Ала Тоо аянтынын Киев көчөсүндөгү аялдамага жармаштырды. Азырынча аларды тескей турган тармак көрүнбөй туру.

Арийне, мамлекеттик тил комиссиясы деген жаат буга не деп жооп узатат болду экен?

Нурлан Жукеев

Булак: "Де-Факто"

Последние новости