www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кубат Оторбаев Жогорку Кеңешке отчет бергенден качып, кызматын таштап баса бергенден бери эки айга жакындап калды.
Акыйкатчы бир айдан кем эмес убакыттын ичинде шайланыш керек болчу. Бирок мыйзам чыгарчу жана аны көзөмөлдөгөн парламент мыйзамды сактайлы деп түк ойлогон жери жок. Бүгүнкүгө чейин шашылбагандарына караганда, «казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса» болуп жаткандай. Учурда акыйкатчылыкка КСДП үйүндө ысык чай ичип тынч отура турган курактагы Токон Мамытовду түртүп жатса, «Ата Мекен» тескерисинче укук коргоо жаатында тажрыйбасы жок партиянын юристи Канат Азисти сунуштады.
Буларга караганда «Бир Бол» фракциясы эстүүлүк кылып Рита Карасартованы көрсөттү. Ушул Рита айым көптөн бери укук маселеси боюнча чыркырап жүрөт. Акыйкатчы кылып, дараметинди сынап көргүн деп мүмкүнчүлүк берсе жарашмак. Балким эл өкүлдөрү эске алаар?..
Булак: "Фабула"